Майлуу-Суу шаардык суу каналынын чиновниктери 2 млн сом уурдаган

  07.05.13   10:55
 336

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы Майлуу-Суу шаардык мэриясына караштуу суу канал башкармалыгы 2 млн сом жоготууга учурагандыгын аныктады. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2011-жылдын январынан 2013-жылдын апрелине чейин ишкананын балансындагы материалдык баалуулуктары ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн 1 млн 628 миң 700 сомду чиновниктер өз кызыкчылыктары үчүн пайланып коюшкан.

Ошондой эле, 2011-жылдын июлунан 2012-жылдын декабрына чейин ишкананы ремонттоо жана суу куурларын алмаштыруу боюнча жалган документ топтоп, 593 миң 961 сом бөлдүрүп алышкан. Мамлекетке 2 млн 222 миң 661 сом чыгым алып келишкен.

Учурда облустук прокуратура "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Мекеменин мүлкүн менчиктештирип алуу жана ыксыз пайдалануу", "Кызматтык карыз" беренелерине ылайык эки кылмыш иши козгоп, учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223684

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.