Артыкбаев: Таш аралаш мөңгү суткасына 3,5 метр тездик менен жылып келе жатат

Кумтөр кениндеги катмардын жылышы боюнча иш алып барып жаткан ведомстволор аралык комиссия бир катар эреже бузууларды аныктады.
  07.05.13   11:13
 350

Бул тууралуу бүгүн, 7-майда, өкмөттүн алдындагы Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору, комиссиянын төрагасы Осмонбек Артыкбаев билдирди.

Анын айтымында, кендеги аварияны баалаш үчүн жана иштин үзгүлтүксүз уланышын калыбына келтириш үчүн зарыл болгон иш-чараларды кабыл алууда ар кандай ведомстволордун эксперттери жана адистери тартылды, 3-майда комиссия жагдайды жеринен карап чыкты.

"Иштетилген калдыктарды мөңгүгө төгүү башынан эле туура эмес болгон. Калдыктарды жайгаштыруу боюнча КРдин Улуттук илимдер академиясынын геология институтунун гляциология лабораториясынын башчысынын "мөңгүгө калдык катмарын жайгаштырууга болбойт",- деп берген бүтүмү эске алынган эмес", - дейт Артыкбаев.

Комиссиянын башчысы ири кендерди мөңгүлөрдүн шартында иштетүүдө динамикалуу активдүү топтомдор - техногендүү таш мөңгүлөр пайда болушу ыктымал экенин айтты. "Абдан зор таш аралаш мөңгү кен иштеткенден бери пайда болгон жана ушул жылдын март айында Давыдов мөңгүсүнүн өрөөнүнө тездик менен жылган. Катмар суткасына 3,5 метр тездик менен жылып келе жатат. Эң жогорку тездик суткасына 5 метрге чейин жетип жатат. Азыр имараттардын бир бөлүгүн басып калган. Кезекте "Кумтөрдүн" жумушчулары жашаган инфраструктура жана 110-электр берүү линиясы турат", -деп билдирди Артыкбаев.

Анын айтымында, комиссия мындан ары да ишин уланмакчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223687

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.