Осмонбек Артыкбаев: Кумтөрдөгү катмардын жылышы ишти токтотпойт

  07.05.13   11:22
 215

Кумтөр кениндеги өндүрүш калдык катмарынын жылышына байланыштуу токтоп калбайт. Бул тууралуу билдирүүсүн бүгүн, 7-майда, өкмөттүн алдындагы Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору, Кумтөр кениндеги тоо породаларынын жылышы боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы Осмонбек Артыкбаев билдирди.

Анын айтымында, план боюнча 2013-жылы "Кумтөр" 18,7 тонна алын казып алууга тийиш, бул үчүн суткасына 600 тонна тоо тегин аралаштырып иштетүү зарыл. "Калдык төгүүчү жайдын толушуна болгону 10 күн калды. Бизге "Кумтөрдөн" аны кайра жайгаштыра турган участок табышканын айтышты. Бул 30 млн кубометр тоо тегин жайгаштырууга мүмкүн болгон Сары-Төр участогу, бирок "Кумтөр" дагы 20 млн кубометр калдыкты жайгаштыруу жагын ойлонушу керек",- дейт Артыкбаев

Бирок комиссия Сары-Төр мөңгүсүнүн бассейни Давыдов мөңгүсүнөн анча деле айырмаланбасын жана өрөөндүн аймагы чектелүү экенин белгилейт. Мындан тышкары комиссия Сары-Төр өрөөнүндө жер көчкү байкалганын эскертет.

Белгилей кетсек, Кумтөр кени иштетилип жаткандан бери абдан зор таш аралаш мөңгү пайда болгон жана ушул жылдын март айында Давыдов мөңгүсүнүн өрөөнүнө тездик менен жылган. Катмар суткасына 3,5 метр тездик менен жылып келе жатат. Эң жогорку тездик суткасына 5 метрге чейин жетүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223688

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.