Ооруган тарбиячынын айынан бакчанын жетекчиси да кызматынан бошотулду

  07.05.13   11:11
 331

Бишкектеги Октябрь районундагы бала бакчада иштеп, 47 жыл иш тажрыйбасы бар жетекчи, медициналык кароосуз кызматкерди жумушка алгандыгы үчүн кызматынан бошотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

"ВБ"га билдирилгендей, мындан эки ай мурун, №120 бала бакчасындагы тарбиячынын кургак учук оорусу менен ооругандыгы аныкталган. Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, мектепке чейинки балдар мекемесиндеги бардык тарбиялануучуларга Манту эмдөөсү жүргүзүлүп, анын 31дө каршы жыйынтык чыккан. Дагы 11и фтизиатрга толук текшерилүүгө жөнөтүлүп, аларда да күмөн саноо тастыкталган эмес. Бакчанын 20 кызматкери флюрографиялык текшерүүдөн өтүшкөн. Аларда да бардыгы таза экендиги аныкталды. №6 бейтапкана мектепке чейинки мекемени тыкыр көзөмөлгө алды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223689

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.