"НТС" каналынын журналист кызын Бишкектен сабап кетишти

  07.05.13   11:23
 416

"НТС" каналынын журналист кызына Бишкектен кол салуу болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23 жаштагы Рахат Аширматовага кечинде Жаш Гвардия бульварынан кол салышкан. Жабыркаган журналист кыздын айтымында, аны 20-25 жаштагы белгисиз бирөө себеби жок эле сабап салган.

Ленин РИИБдин тергөө бөлүмү аталган факты боюнча "Бейбашчылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Ыкчам-иликтөө иш-чарасы учурунда Ленин РИИБдин кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 24 жаштагы тургуну кармалган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223690

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.