Америка Кыргызстандын бейтапканаларына гуманитардык жардам берет

  07.05.13   11:25
 318

Үстүбүздөгү жылдын 8-майында АКШнын өкмөтү америкалык "Проект ХОУП" кайрымдуулук уюму аркылуу Бишкек шаарынын, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас жана Ысык-Көл областтарынын медициналык мекемелерине жалпы суммасы 42 миңден ашуун АКШ доллары өлчөмүндөгү гуманитардык жардам өткөрүп беришет. Бул тууралуу Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Гуманитардык жардам АКШнын мамлекеттик департаментинин "Үмүт операциясы" программасынын чегинде алынып келинет жана дүйнөгө таанылган "Becton Dickinson" фармацевтикалык компаниясы тартуулаган медициналык каражаттардан: инсулин шприцтеринен жана эмдөө үчүн шприцтерден турат.

Бул гуманитардык жардамдын негизинде 12 миңден ашык кант диабети менен ооруган бейтаптар жогорку сапаттагы инсулин шприцтерин колдонуу менен медициналык жардам ала алышат, ошондой эле 1 жашка чейинки балдарды эмдөө үчүн бир жолу пайдаланылуучу шприцтерин колдонуп 260 миңден ашык бала эмдөөдөн өтүшөт.

Гуманитардык жардам Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашылган бөлүштүрүү планына ылайык медициналык мекемелердин керектөөлөрүнүн жана сурамдарынын негизинде бөлүштүрүлөт. Областтык медициналык мекемелерге жеткирип берүүнү Проект ХОУПтун гуманитардык жардам программасы ишке ашырат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223691

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.