Канададагы Кыргызстандын элчилиги өлкөнүн туристтик мүмкүндүгүн жарнамалады

  07.05.13   11:40
 375

АКШдагы жана Канададагы Кыргызстандын элчилиги Американын "Колумбия округунун маданият туризми" (Cultural Tourism DC) өкмөттүк эмес уюму уюштурган "Элчилик боюнча бүт дүйнөлүк тур" деп аталган иш-чаранын алкагында ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалымат, басмасөз жана маданият башкармалыгы кабарлады.

Бул күнү келгендерге улуттук комузда күү аткарып беришип, улуттук ашканадан ар түрдүү даам сунушталды. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн буюм-тайымдары, сувенирлер, Кыргызстандын туристтик мүмкүндүктөрү жөнүндө видео жана жазуу түрүндөгү маалыматтар келгендерге көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын элчилигине 4 миң адам келди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223693

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.