Россиянын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевди Жеңиш күнү менен куттуктады

  07.05.13   11:48
 314

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Россия Федерациясынын өкмөт башчысынын Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнүн 68-жылдыгына карата куттуктоосун алды.

"Урматтуу, Жантөрө Жолдошевич!

Сизди жалпы майрам - Улуу Атам мекендик согуштун Жеңиш күнү менен куттуктайм!

Согушка катышкандардын жана тылда эмгектенгендердин каармандык эрдиги азыркы жана келечек муундардын эсинде түбөлүк сакталат. Согуш жылдарында чыңдалган Россия менен Кыргызстандын элинин ортосундагы достук мындан ары да эки тараптуу соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташууга мүмкүндүк түзөт деп терең ишенем.

Кыргызстанда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына чың ден соолук, бакыт, ал эми жалпы кыргызстандыктарга тынчтык менен байгерчилик каалайм!",- деп айтылат телеграмманын текстинде.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223695

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.