Пайзулла Рахманов реанимацияга түштү

Учурда кыргыз сотунун колунда Бакиевдин жакын санаалашы саналган Пайзулла Рахманов гана бар.
  07.05.13   11:54
 365

Ал 2010-жылы Жалал-Абадда бийликти басып алууга болгон аракети менен атагы чыккан эле.

Рахманов бир канча киши менен обладминистрацияга кирип, өзүн губернатор деп жарыялаган. Бирок анын бул аракетинен майнап чыккан эмес. Андан соң өлкөдөн качып кеткен. 2010-жылдын май айында Рахмановго эл аралык издөө салынган. 2012-жылдын жайында казакстандын атайын кызматы аны Белоруссиянын жараны Пазыл Ташбаевдин атына жасалган жасалма паспорт менен кармашкан.

Бакиевдин убагында ал майлуу орун – Мамлекеттик сатып алуулар жана мамлекеттик резерв агенттигин башкарган. Ага карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалуу, башка бирөөнүн мүлкүн менчиктеширип алуу жана бийликти басып алууга аракет жасаган деген айыптар коюлууда.

Өткөн шейшемби күнү Биринчи Май райондук сотундагы отурум учурунда Рахмановдун кан басымы жогорулап, өзүн жаман сезген болчу. Анын адвокаты тез жардам чакырууну өтүнгөн. Дарыгерлер анын абалын инфарк алдындагы абал деп баалашып, аны кардиология борборунда дарыланышы керектигин сунушташкан.

Бирок Күзөт жана коштоо департаментинин жетекчиси ага көнгөн эмес. Сот 15-майга которулуп, Рахмановду УКМКнын убактылуу кармоочу жайга алынып барылды.

Ошентсе да, акыр аягында Рахманов реанимацияга жаткырылды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223696

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.