Балдарга карата сексуалдык кылмыштуулук өсүүдө

  07.05.13   11:52
 350

2012-жылы жашы жете электерге сексуалдык кысым көрсөтүү фактысы боюнча 131 кылмыш иши катталган. Бул тууралуу маалымат жыйынында "Демократиялык процесстерди изилдөө борбору" коомдук фондунун гендердик эксперти Лариса Илибезова билдирди.

Анын айтымында, балдарга карата болгон сексуалдык кылмыштуулук фактылары 2009-2012-жылдары 22ден 35ге чейин өскөн. Козголгон кылмыш иштери 2009-2012-жылдары 8ден 13кө чейин көбөйгөн. Зордуктоо фактысы 2009-жылы 44, ал эми 2012-жылы 82ге өскөн. 17 жашка чыга элек өспүрүмдөрдү зордоп никеге тургузуу фактысы 2009-жылы 7, ал эми 2012-жылы 13кө көп болгон.

"Балдарды зордукотоо боюнча эң жогорку көрсөткүч Чүй облусунда катталган (3,3), Бишкекте (3), Нарында (1,9), Ысык-Көлдө(1,8) жана Жалал-Абадда (0,9)", - дейт Илибезова.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223697

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.