Сууда сүзүү: Дарья Таланова Кыргызстандын рекордун жаңыртты

  07.05.13   12:01
 352

Кечээ, 6-майда, Кыргызстандын курама командасы Темиртау шаарында өтүп жаткан Казакстандын сууда сүзүү боюнча чемпионатында старт алышты. КРдин Суудан сүзүү федерациясынын баш катчысы Тамара Петрашованын билдирүүсүнө караганда, Лондон Олимп оюндарынын катышуучусу Дарья Таланова, брасс менен сүзүү түрүндө 100 метр аралыкты 1 мүнөт 11,7секундта өтүп, Кыргызстандын рекордун жаңыртты.

1993-жылы ушул дистанцияга коюлган рекорддун ээси Наталья Юрицина болуп, ал бул аралыкты 1 мүнөт 13,2 секундада өткөн.

Казакстандагы мелдеште Таланова алдын ала сүзүүдөгү дистанциядан биринчи келип, финалга жолдомо алды.

Андан тышкары, ар башка дистанцияларга сүзүү түрлөрүндө, биринчи күндүн жыйынтыгында финалга Александр Слепченко, Станислав Карнаухов жана Кирилл Вайс өттү. Кыргызстандыктардын биринчи финалдык сүзүүлөрү бүгүн, 7-майда, болот. "Чемпионаттын алгачкы эле күнүндө биз мыкты жыйынтык алдык", - деп федерациянын катчысы сүйүнчүлөдү.

Эске салсак, чемпионатта 19-июлдан 4-августка чейин Барселонада өтө турган дүйнөлүк чемпионатка лицензиялар ойнотулат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223698

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.