Эксперт: ТЖБ Россияга Кытайды кармап туруш үчүн керек

  07.05.13   12:12
 339

""Манас" аэропортундагы Транзиттик жүк ташуу борбору биринчи кезекте Россия Федерациясына Россия менен Казакстанга Кытайдын экспансиясын кармап туруш үчүн зарыл",- деген пикирин бүгүн, 7-майда, экономика илимдеринин кандитаты, талдоочу Калнур Ормушев билдирди.

Анын айтымында, шайлангандан кийин "базанын ижара мөөнөтү аяктагандан кийин чыгарылат" деп айткан Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин тышкы саясаты башынан эле туура эмес болгон. "Ал мындай чечимин Путинге жеке жолугушууларда айтса болмок. Ал эми эл алдында Жогорку Кеңеш аркылуу айттырганы дурус болот эле деп кеңеш бермекмин. Референдум жүргүзүп же чечим кабыл алууну парламентке өткөрүп берсе болмок. Андан кийин гана Вашингтонго: "Мен эмне кыла алам? Бизде демократия жана парламентаризм десе болмок. Башкача айтканда, ал өзүн бул чечимге байланыштырбай койгону туура болчу", - дейт Ормушев.

Серепчи ошондой эле кыргыз дипломаттары Москвага база Америкага эмес, Россия менен Казакстанга керек экендигин, анткени КРде Американын базасынын болушу Кытайды Россия менен Казакстандын аймагынан алаксытарын түшүндүрүүгө аракет кылуусу кажет деп санайт. "Албетте, америкалык шовинизм, өзум билемдик, голивуддун пафосу көбүнүн кыжырына тиет. Бирок ошол эле маалда Кытайда 1,5 млрд адам жашай турганы эске алган дурус. Мындан улам жогоруда аталган калкы аз жайгашкан өлкөлөргө бул база керек",- деп эсептейт Ормушев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223699

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.