Спорт ордосундагы курулушка байланыштуу Сасыкбаева Баш прокуратурага кайрылат

  07.05.13   12:16
 325

Жогорку Кешентин депутаты Асия Сасыкбаева, Спорт ордосунун тегерегиндеги курулуш иштерине байланыштуу Баш прокуратурага кайрыла тургандыгын айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Манасчы Сагынбай көчөсүндө курулуп жаткан имарат мыйзамга жооп бербей тургундыгын аталган көчөнүн №226-үйүнүн тургундары Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева жана депутат Наталья Никитенко менен болгон жолугушууда билдиришти.

Үйдүн тургуну Маргарита Карихтин айтымында, эң эле коркунучтуусу жаңы курулуп жаткан имараттын котлованы, алар жашаган үйгө өтө жакын казылган. "Курулуш иштери башталгандан бери бизде тынчтык жок жашоого мүмкүн болбой калды",- дейт ал.

Жергиликтүү жашоочулар имараттын курулушун токтотуу талабы менен сотко чейин кайрылышкан. Сот имараттын курулушу токтотулсун деген чечим чыгарса да курулуш иштери дагы деле уланууда. Бул боюнча экологиялык инспекция дагы бак-дарактарды кыйганга болбойт деген кортунду берген.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева мыйзамсыз курулуш боюнча Баш прокуратурага кайрылаарын айтты. Анын пикиринде, кокус жер титиресе курулуп жаткан имараттын жанындагы үйлөр зыянга учурабайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Андан соң депутаттар Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун жанындагы жаңы курулуп жаткан имаратка күбө болушту. Аталган жерге мурда спорт ордосуна келген көрүүчүлөрдүн автоунаалары токтотулчу.

Эскерте кетсек, бул маселе депутаттар тарабынан Жогорку Кеңештин жыйынында да бир нече жолу көтөрүлгөн.

"Соттун токтомун тоготпогон, элдин өтүнүчүн аткарбаган курулуш ээлеринин жасап жаткан иштери туура эмес. Ал эми мэрия, архитектура кызматкерлери мындай мыйзамсыз курулуштарга кош көңүл караганы өкүнүчтүү",- дейт депутат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223700

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.