Каныбек Нарбаев: Капиталдык курулушка бюджеттен 1,4 миллиард сом бөлүнөт

  07.05.13   12:17
 341

Быйыл республикада капиталдык салымдар беренеси боюнча 140 объект каржыланууга тийиш. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Нарбаев билдирди.

Ал жалпы каралган сумма 1 млрд 393 млн 49 миң сомду түзөрүн айтты. Тизмеге билим берүү, маданият, турак жай, мектепке чейинки мекемелер, коммуналдык чарба объекттери кирген.

"Бүгүнкү күндө курулуштун эки тизмеси бар. Биринчиси, республикалык бюджеттен капиталдык салымдар боюнча курула турган курулуштар, анын тизмесине 178 объект кирип, бул парламентте каралып, өкмөт тарабынан бекитилди. Быйыл 43 объектини курууну пландаштырып жатабыз. Экинчи тизмеге Түркиядан келген насыянын эсебинен курула турган курулуштар кирет. Учурда тизме өкмөттүн кароосунда. Ага авариялык абалда турган, же чатырларда окуп жаткан жалпы билим берүү мекемелеринин 47 объектисинин тизмесин киргиздик",- дейт Нарбаев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223701

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.