Быйыл мектептердин курулушуна 774 миллион сом коротушат

  07.05.13   12:22
 298

Быйыл билим берүү объектилерин курууга 774 млн 38 миң сом каралган. Мындай маалыматты бүгүн, 7-майда, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Нарбаев билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча 2013-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 75 объектини куруу пландаштырылып жатат. Ошондой эле 26 млн сомго беш спорт залын жана спорт комплекстерин,15 млн 899 миң сомго бала бакчаларды куруу белгиленди.

"Мындан тышкары 267 млн 114 миң сомго саламаттыкты сактоонун 28 объекттин, 17 млн сомго маданий жайларды, 75,6 млн сомго турак-жай, 107,8 млн сомго коммуналдык чарба курулуштарын куруу жагы каралды",- деп маалымат берди Нарбаев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223702

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.