Кыргызстанда азиздер үчүн "Жамиля" китеби басылып чыкты

  07.05.13   13:19
 394

Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун "Жамиля" китеби Брайл тамгасы менен басылып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, кечээ Бишкектеги бир катар азиз балдардын мектептерине китеп таратылып берилди.

"Китепти басып чыгарууга 15 миң сом кетти. Каражатты кайдыгер карабаган шаар тургундары чогултту. Ал биринчи жолу кыргыз тилинде жарык көрдү",- деди депутат.

Китептин корректору Николай Мешечко китепти Брайл тамгасы менен басып чыгаруу бир топ эмгекти талап кылганын кошумчалады. "Туура эмес коюлган ар бир белги башка маанини туюндуруп калышы мүмкүн",- деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223703

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.