Бишкек - Киев авиакаттамы кайрадан ачылды

  07.05.13   13:26
 259

"Украина эл аралык авиакаттамдары" авиакомпаниясы Бишкек менен Киев ортосундагы авикаттамдарын кайрадан жандандырды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда, Украинанын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

1-июндан тарта учуулардын саны жумасына үч жолкуга чейин көбөйтүлсө, 18-июндан тартып 4 жолу болот.

Элчилик билдиргендей, Киевден Бишкекке карай каттамдарга билеттер эмитеден баштап сатыкка чыкты. Каттамдар Киевден дүйшөмбү, шаршемби, жума жана ишемби күндөрү Бишкекке карай чыкса, Бишкектен Киевди көздөй кардарлар шейшемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү уча алышат.

Жогоруда айтылган маршруттарды бизнес- жана эконом класстардагы заманбап "Боинг-737" учактары тейлейт.

Эске салсак, былтыркы жылдын 1-октябрынан тартып, украиналык "Аэросвит" авиакомпаниясы Киевден Бишкекке каттамдарын токтотуп койгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223706

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.