Бажы төлөмдөрүнөн түшкөн каржат 3 жылда 1,7 эсеге өстү

  07.05.13   13:39
 329

2013-жылдын январынан тартып апрелине чейин мамлекеттик бажы кызматы 9 млрд 867,4 млн сом бажы төлөмдөрүн жыйнаган. Бул 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 эсеге көп. Мындай маалыматты каржы министрлигинен билдиришти.

Бажы төлөмдөрүнөн түшкөн каржаттардын бир айлык өсүүсү 20% дан 55%га чейин жеткен . Бул жылы максималдуу өсүш 82%ды түзгөн.

2013-жылдын январынан апрелине чейин салыктан түшкөн каржаттар 11 млрд 955 млн сомго жеткен. Мындай көрсөткүч 2012-жылга салыштырмалуу 23%га көп. Ал эми салык чогултуу ай сайын орто эсеп менен 4-25%га өсүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223707

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.