Россиянын президенти Алмазбек Атамбаевди Жеңиш күнү менен куттуктады

  07.05.13   13:40
 343

Президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине Россия федерациясынын президенти Владимир Путиндин атынан Улуу Ата мекендик согуштун 68 жылдыгына карата куттуктоо келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

"Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Улуу Ата Мекендик согуштун 68 жылдыгына карата биздин чын жүрөктөн чыккан куттуктообузду кабыл алыңыз.

Биздин эл бир жакадан баш бир жеңден кол чыгарып нацизм менен күрөшүп, келечек муундар үчүн эркиндикти, көз карандысыздыкты жана тынчтыкта жашоо укугун алып беришти. Биз аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын түбөлүк эрдигине баш ийип таазим кылабыз

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Кыргызстанда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине чын жүрөктөн чыккан куттуктообузду айтууңузду, чын ден соолук, узак өмүр жана жакшылык каалооңузду өтүнөбүз",- деп айтылат куттуктоонун текстинде.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223708

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.