АКШда он жыл мурда жоголгон үч аялды эсен соо табышты

  07.05.13   13:52
 285
 

Американын Огайо штатында полиция он жыл мурда уурдалып кеткен үч аялды таап чыкты. Алар баары эсен соо ооруканада жатат. Бул аялдарды ушунча жыл кармап жатты деген шек менен 52 жаштагы эркек адам кармалды.

Аманда Берри 2003-жылы 16 жашында дайнсыз жоголгон, Джина Дехесус ошондон бир жылдан кийин эле 14 жашында жоголгон. Ал эми Мишель Найт 20 жашта экенде 2002-жылы бейдарек болуп калган.

Си-би-эс телеканалы билдиргендей, Аманда Берри жоголор күнү эжесине телефон чалып, аны иштеген жеринен үйгө жеткирип коюшарын айткан экен. Джина Дехесус мектептен үйгө келаткан жолдо жоголгон.

Би-би-си кабарчысы Джейн Литтлинин айтымында, буга чейин кыздар тирүү эмес деген божомол болуп келди, а бирөөсүнүн энеси кызын кулчулукка сатылып кеткен деген ойго берилип калган.

Жергиликтүү адамдардын бири үйдөн чыккан кыйкырыкты угуп, баласын колуна кармап жардам сураган аялды көрүп калгандан кийин жоголгон аялдарды табууга мүмкүн болду.

"Мен кыйкырыкты угуп, бул кыздын бардык күчүн жумшап сыртка чыгууга аракет кылып жатканын байкадым. Мен жакындап барганда ал: "Мага жардам берип коюңузчу, мен бул жакта эчактан беримин",- деди. Мен башында бул үй-бүлөлүк чыр-чатак деп ойлопмун", - дейт окуянын күбөсү болгон Чарльз Рамзи.

Полиция Аманды Берринин 911 номуру боюнча телефондон сүйлөшкөн сөздөрүн жарыялады. Анда ал ыйлап, он жыл мурда аны уурдап кетишкенин, бирок бир аргасын таап качып чыкканын айтып берген.

Аманды аны уурдап кеткен адамды Ариэл Кастро деп айтты, ошонун негизиде дал ушул адам камакка алынганын полициядан билдиришти.

Азыркы учурда үч аял тең ооруканада жатат, бирөөсүнүн баласы бар.

"Адатта мындай окуялар жаман бүтөт. Биз абдан бактылуубуз", - деди доктор Джеральд Мэлони Кливленддеги MetroHealth ооруканасынын жанында болгон басма сөз жыйынында.

Анын айтымында, аялдардын абалы түзүк.

"Аманда Берри, Джина Дехесус жана Мишель Найт аман-эсен табылганына шүгүр. Бул иштер боюнча көп суроолор бар, иликтөө иштери улантылат",-деди Кливленддин мэри Фрэнк Джексон.

Булак: ВВС Кыргыз кызматы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223710

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.