Теннисчи Ксения Палкина ITF турниринде ийгиликтүү старт алды

  07.05.13   13:51
 242

Кыргызстандан теннисчи Ксения Палкина ITF эл аралык федерациясынын карамагында өткөн турнирде ийгиликтүү старт алды. Эл аралдык теннис федерациясынын расмий сайтында маалымдалгандай, негизги сеткадан старт алган Ксения Палкина биринчи айлампада Финляндиялык Элла Лейвону 6:2, 6:1 эсеби менен утуп чыкты.

Экинчи айлампада Палкина казакстандык Зарина Жумажанова менен беттешет.

Жуп разрядындагы оюнда Ксения чейрек финалга чыгуу үчүн өзбекстандык Альбина Хабибулина менен биргеликте Алена Тарасова (Россия) жана Владислава Заносиенко (Украина) дуэти менен мелдешке чыгышат.

Мелдеш ушул күндөрү Казакстандын Шымкент шаарында өтүп жатат. Жалпы байге фонду 10 миң доллар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223711

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.