Өкмөт башчы КМШ боюнча кесиптештерин Жеңиш күнү менен куттуктады

  07.05.13   14:02
 238

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевди жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

"Урматтуу кесиптештер!

Улуу Ата Мекендик согуштун 68 жылдыгына карата чын дилден айтылган куттуктоомду кабыл алыңыздар,

Улуу муундар жасаган ыйык эрдик биздин элдин майтарылгыс эркинин, руханий бийиктигинин жана биримдигинин айкын белгиси болуп келген жана боло бермекчи.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын каармандыгы жана эрдиги биздин мамлекеттердин элинин кылымдардан берки достук түйүнүбүздүн чыңдалышына шык берерине ишенем.

Урматтуу кесиптештер, бул улуу күнү сиздерге жана элиңиздерге ачык асман, тынчтык жана мындан аркы гүлдөп өнүгүүнү каалайм",- деп айтылат куттуктоонун текстинде.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223713

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.