Спорт ордосунда күрөш боюнча эл аралык турнир башталды

  07.05.13   14:14
 228

Бүгүн, 7-майда, Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры генерал-майор И. В. Панфиловдун жаркын элесине арналып, греко-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында 53-эл аралык турнир башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнирге Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикистандын спортчулары катышат. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага Россиянын балбандарынын катышуусу дагы күтүлүүдө.

50 кг, 60 кг, 74 кг, 96 кг, +2 кг салмагындагы балбандардын финалык туру 8-майда өтөт. Ал эми 55 кг, 66 кг, 84 кг, 120 кг, +2 салмагындагы спортчулардын жеңүүчүлөрү 9- майда аныкталат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223714

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.