Арапбаев: "Жерүйдүн" өкмөттөн 400 миллион доллар өндүрүп алууга мүмкүндүгү жок

  07.05.13   14:50
 281

Visor Holding компаниясы Жерүй кенин иштетүүдө лицензияны алып салганы үчүн Кыргызстандын өкмөтүнө 400 млн доллар төлөтүү тууралуу Арбитраждык сотко берген доо арызынын суммасы реалдуу эмес. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда, парламенттин "Ата-Журт" фракциясынан депутат Азамат Арапбаев билдирди.

Белгилей кетсек, Вашингтондогу Инвестициялык чатактарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбор "Жерүйалтын" жабык акционердик коомунун 60 пайыз акциясына ээ Visor Holding компаниясынын Кыргызстандын өкмөтүнөн 400 млн доллар доолаган арызын кабыл алган

Депутаттын айтымында, компания эл аралык сотто утуп чыга албайт, анткени доо арыз негизсиз берилген.

"2010-жылы техникалык өкмөт келишим шарттын пунктун аткарбаган үчүн бул компаниянын лицензиясын жокко чыгарган. Аталган уюм сурап жаткан доо арыздын суммасы абдан эле көбөйтүлгөн. "Жерүйалтын" жабык акционердик коому кен чалгындоо иштерин жүргүзүүгө каражат сарптаган, бирок Кыргызстандан талап кылынып жаткан 400 миллион доллар компаниянын иш жүзүндө чыгымдаган акчасы менен дал келбейт",- деп эсептейт Арапбаев.

Ал "эл аралык соттогу соттук териштирүү Жерүй боюнча конкурс өткөрүүгө тескери таасирин берет" деп баса белгиледи.

"Жерүй боюнча конкурс өткөрүүчү комиссия өз шартында соттук талаштарга кеткен бардык каржылык чыгымдарга аны иштете турган инвесторлорду милдеттендирет. Ушундан улам конкурска эч ким катышпай жатат",- дейт депутат.

Эскерте кетсек, өкмөт үстүбүздөгү жылдын апрель айында Жерүй кенин иштетүү укугуна лицензия берүү боюнча конкурс жарыялаган. Сооданын шарты боюнча болочоктогу кен иштетүүчү соттук чатак боюнча баардык милдеттери өзүнө алышы керек.

Белгилей кетсек, Жерүй кени Кумтөрдөн кийин алтындын кору боюнча ( 81 тонна) экинчи орунда турат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223716

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.