Сууда сүзүүчү Анатолий Пан Жеңиш Күнүнө арналган турнирде үч алтын медаль утту

  07.05.13   14:33
 265

Бишкекте Жеңиш Күнүнө карата өтүп жаткан "Шайыр старттар" балдар турниринин үчүнчү этабы соңуна чыкты. Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясынын генералдык катчысы Тамара Петрашованын билдирүүсүнө ылайык, мелдеш жаш категориясына карап үчкө бөлүнүп өткөрүлдү.

2003-жыл туулган балдар 50 метр аралыкка сүзүштү. Өспүрүмдөр арасында брасс, баттерфляй жана аркасы менен сүзүү боюнча үч алтын медалды Анатолий Пан жеңип алды. Кыздардын ичинен Полина Кальянова эки алтын байгелүү болду.

Ошондой эле, биринчи орундарды Владимир Ефимцев, Айдана Таласбаева жана Кристина Панасенколор алышты.

2001-2002- жана 1999-2000-жылы туулган спортчулар үчүн мелдеш кубок системасы боюнча өткөрүлүп, жеңүүчү үч дистанциянын негизинде чогулткан упайлардын жалпы санынын натыйжасында аныкталды.

Орто группада Сафа Далила, Темирлан Каратаев, улуу группада Виктория Григорьева жана Артем Камарда биринчиликти алышты.

"Шайыр старттар" турнири алты этаптан туруп, кийинкиси Балдарды коргоо күнүнө карата 1-июнда өткөрүлөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223717

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.