Каирде премьер-министрдин кортежи аткыланды

  07.05.13   14:55
 169

Египеттин премьер-министри Хишам Кандилдин кортежи 5-май күнү кечинде Каирде аткыланган. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Египеттин ички иштер министрлигинен билдиришкендей, өкмөт башчынын кортежи Докки районунан өтүп баратканда анын жолун машина менен тосконго аракеттенишкен. Коопсуздук кызматынын кызматкерлери машинаны четке чыгарууга аракет кылганда,анын ичиндеги киши аларга карата ок чыгарган. Бул окуяны саясый бир негизге байлоого туура эмес,- деп билдирет ИИМ.

Полиция ал машинаны кууп жетүүгө аракет кылган жана анын ичинде 18 жаштан 29 жашка чейин 5 киши болгон. Agence France-Presse агенттиги коопсуздук кызматындагы булактарына шилтеме берүү менен кармалган кишилер кортеждеги машинада премьер-министрдин болгонун билбегендигин жана ага карата ок чыгарбаганын айтышканын билдирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223719

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.