Кыргызстанда Американын аба базасына каршы үнсүз нааразылык акциясы өткөрүлөт

  07.05.13   14:57
 288

"Жөн эле" деп аталган жаштар кыймылы Кыргызстандагы Американын "Манас" транзиттик жүк ташуу (ТЖБ) борборуна каршы нааразылык акциясын өткөрүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу активисттер тарткан пресс-релизге таянып, REGNUM маалымат агенттиги кабарлады.

"Өлкөнүн согуш коркунучунун тазалайбыз" деген акция бүгүн, 7-майга, белгиленген. "Манас ТЖБсы Кыргызстан үчүн абдан кооптуу. Күйүүчү май жүктөлгөн учактын кыйрашы аскер учактарын эл аралык аэропортто жарандык аба учактары менен бирге жайгаштырбоо керек экендигинин дагы бир далили. Учуучу танкердин кыйрашы жергиликтүү калк арасында курмандык алып келген жок, бирок биздин өлкөгө келтирилген экологиялык чыгымды эсептешибиз керек",- деп белгилешет активисттер.

Маалыматта ошондой эле бул жолу акция үнсүз жүруш формасында өтө турганы айтылат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223720

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.