Кыргыз-поляк мамилелерин өнүктүрүү талкууга алынды

  07.05.13   15:38
 281

Бүгүн Кыргызстандын Экономика министри Темир Сариев Кыргызстандагы Польшанын элчиси Яцек Ключковски менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өткөн жылдын 27-28-июнунда экономикалык кызматташтык боюнча Кыргызстан - Польша өкмөттөр аралык комиссиясынын Бишкекте өткөрүлгөн экинчи отурумунун жыйынтыгы боюнча жетишилген натыйжаларды талкуулашты.

Элчи Ключковски учурда Варшавада 2013-жылдын 4-кварталында өткөрүлө турган өкмөттөр аралык комиссиясынын үчүнчү жыйынына көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу токтолду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223723

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.