"Чыгыш электр" ААКнын директорлор кеңешинин жаңы курамы түзүлдү

  07.05.13   15:59
 291

"Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун (ААК) директорлор кеңешинин жаңы курамы түзүлдү. Бул тууралуу "ВБ"га Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов билдирди.

"Апрелдин соңунда бөлүштүргүч компаниянын акционерлеринин жалпы чогулушунда директорлор кеңешинин үч кишиден турган жаңы курамы түзүлгөн. Негизинен акционерлер Эдил Тайбакунов, Аманат Курманов жана Бакыт Сарымолдоевдин талапкерлигин колдошту",- деп билдирди ал.

Баетов мындан кийин директорлор кеңеши компаниянын генералдык директорун шайлашы керек.

"Энергетика жана өнөр жай министри дайындалганга чейин директорлор кеңеши компаниянын башчысын шайлай албайт",- деп тактады чиновник.

Эскерте кетсек, бир нече айдан бери "Чыгыш электр" жана "Түндүк электр" бөлүштүргүч компанияларынын башчылары дайындала элек. Буга чейин 26-апрелде акционерлердин жылдык жыйынында "Түндүк электр" ААКнын директорлор кеңеши түзүлгөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223724

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.