Маданият министрлиги Ысык-Көлдөгү санитардык норманы катуу көзөмөлдөйт

  07.05.13   16:02
 283

"Ысык-Көлдө туристтерди тейлөө деңгээли аксап атат. Бирок биз мунун үстүнөн иштеп атабыз жана жылдын жылга жакшырып келе жатат". Мындай оюн бүгүн, 7-майда, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, быйыл бардык ишкерлер туристтер үчүн шарт түзөт.

"Туристтик инфраструктуранын 99%ы жеке ишкерлердин колунда болгондуктан "сервис" түшүнүгүн ар ким ар башкача кабыл алат. Бардыгы жогорку деңгээлде болушу үчүн санитардык норма боюнча биз катуу текшерүү киргизип атабыз. Эгер нормаларды сактабагандар болсо административдик айып салынып, кээси жабылышы да мүмкүн. Туристтердин ыңгайлуулугу үчүн Балыкчыдагы экологиялык пост алынды. Эми бардыгы тоскоолдуксуз Ысык-Көл облусуна кире алат",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223725

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.