Кара-Сууда волейбол боюнча турнир өтүп жатат

  07.05.13   16:01
 294

Кара-Суу районунун Большевик айылында Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арналып эркектер арасында волейбол боюнча турнир өтүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын волейбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматкы ылайык, алдын- ала өткөрүлгөн раундга 20 команда катышып, 4 топко бөлүнгөн. Учурда кичи топтордун арасында биринчиликти алган командалар финалдык раундка чыгышты. Биринчи орун үчүн "Жаны-Арык", "Сары-Колот", "Кызыл-Суу" жана "Жоош" командалары ат салышат. Турнир 7- майда аяктайт.

Ошондой эле, 6-майда Кара-Сууда Кыргызстандын курама командаларынын арасында жолдоштук матч болуп өттү.Биринчи топту Ысык-Көлдүн оюнчуларынан турган "Жаны Муун" жана Бишкектин "Салам-Алик" командалары түздү. Экинчи топко волейбол клубунун оюнчулары "Ош Бажысы", "Динамо МВД", "Дархан" жана "ВВ МВД+К" кирди.

Оюн 3:1 эсебинде аяктап, "Жаны-Муун" жана "Салам-Аликтин" оюнчулары ийгиликке жетишти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223726

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.