Жалал-Абадда Жеңиш майрамына карата боорукерликтин бир айлыгы өтүп жатат

  07.05.13   16:16
 330

Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдында 9-май - Улуу Жеңиштин 68 жылдык мааракесин салтанаттуу белгилөө үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, Жеңиш күнүнүн урматына 25-апрелден 25-майга чейин жарыяланган "Боорукерликтин бир айлыгынын" алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, майыптарына, курман болгон жоокерлердин жесирлерине, оруктун эмгекчилерине ар тараптуу колдоо көрсөтүлүүдө.

Шаар мэри Мухтар Арапбаев кандуу апаатта кызмат кылып, учурда ден соолугуна байланыштуу үйүндө дарыланып жаткан ардагерлерге 7-майдан баштап атайын арналган белектерди алып барып тапшырмакчы. Ал эми 8-майда согуш ардагерлерине арналган сый-тамак "Тянь-Шань" тойканасында уюштурулат

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223727

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.