Раев көлдө аракечтер азайгандыктан быйылкы турсезон тынч өтөт дейт

  07.05.13   16:22
 343

"Социалдык сурамжылоого ылайык, Ысык-Көл облусунда жергиликтүү тургундар арасында арак ичкендердин саны азаюуда". Бул тууралуу бүгүн, 7-майда, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев туристтик сезонго болгон даярдык тууралуу айтып атып, "ВБ"га билдирди.

Ушундан улам ал туристтер менен жергиликтүү тургандар арасында чыр-чатактар болбойт дейт. Раев ошондой эле айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери жаштар арасында арактын зыяндары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү пландаганын кошумчалады.

Андан сырткары 3 500 милиция кызматкери курорттук аймактагы коомдук тартипти камсыз кылышат.

"Өткөн жылы Кыргызстанга 3 млн 446 миң турист келген. Алар мамлекеттик казынага 341 млн сом киреше алып келген",- деп кошумчалады ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223728

 Комментарийлер:
#1  
2013-05-08 09:13:01 Цитата / 0 / -

көлдө арактан башка дагы "көңүлдү көтөрчү жакшы" нерселер бар, мисалы нашаа, насвай

#1 Айжан
2013-05-08 09:15:28 Цитата / 0 / -

Тынч өтпой калды го. Аенткени Ысык-Көлдө андан да жакшы, "көңүлдү көтөргөн" нерселер бар - нашаа, насвай жана башка

#2 Kayrat
2013-05-08 10:52:29 Цитата / 0 / -

Раев боорду эзет го арактен бешбетер. Арак учун эле сезон болуп кетсе кана. Жолдор кузгудой жалтырап, гаилер алкымын азайтып, боомдун ичи онолуп, жээктин инфраструктурасы онолуп ... айтып отурсан маселе коп Султан акя!

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.