Ырчы Айбек Бакытбеков: Келечекте сөзсүз маданият министри болом

Юрмалада өтө турган жаш ырчылардын "Жаңы толкун" конкурсунда өлкөнүн намысын коргойм деп жаткан Айбек Бакытбековду продюсери менен кепке тарттык.
  07.05.13   16:37
 798

Юрмалада өтчү жаш аткаруучулардын "Жаңы толкун" эл аралык конкурсунда Кыргызстандын желегин бу сапар жаш ырчы Айбек Бакытбеков желбиретет. Аталган конкурска бизден 9 ырчы аттанып, 28-июлда башталчу финалга Айбек гана жолдомо ала алды. Өлкөнүн намысын коргойм деп жаткан жигитти продюсери менен кепке тарттык. Продюсер Дана Абдыбекова "Жаңы толкунга" катышуу үчүн мамлекет тараптан эч кандай жардам болбой жатканын айтып, кыргыздын колунда бар чыгаандарынан жардам болоор деген үмүтүн жашырган жок.

- Айбек, алгач өзүңдү тааныштыра кетсең. Болбосо билинбей эле жүрүп "Жаңы толкундан" чыгып калсаң окурмандар түшүнбөй калды окшойт...

- Мен Кочкордун кулуну болом. 21 жаштамын. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң улуусумун. Атам дүйнөдөн эрте өтүп кеткен. Апам врач болуп иштейт. Шоу-бизнеске аралашканыма 8 айдын жүзү болду. Алгач "Ысык-Көлдө кадыр түн – 2013" эл аралык конкурсуна катышып, эстрадалык вокал боюнча 2-орунду алгам. Андан кийин эле "Жаңы толкунга" даярданып баштадым. Конкурска баш-аягы 6 ай даярдандык деп айтсам болот. Мындан тышкары мектепте окуп жүргөндө облустук, республикалык, эл аралык конкурстарга катышып, ийгиликтерге жетишкем.

- Музыкалык билимиң барбы?

- Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда 3-курска чейин билим алгам. Быйыл кудай буюрса консерваторияга тапшырайын деп жатам. Кудайга шүгүр нота тааныйм. Негизи апам да, чоң апам да жакшы ырдаган кишилер. Чоң атам убагында музыкалык мектептен билим алган экен. Музыкага шыктуу болуп калышыма ошо кишилердин да таасири болуш керек.

- "Жаңы толкундан" кандай таасир алдың? Дымагың көтөрүлө түшкөн чыгар...

- Бул конкурс абдан уникалдуу. Анткени азыркы Сергей Лазарев, Дима Билан, Нюша сыяктуу жылдыздар ушул мектептен чыгышкан. Биздин Омар эле канчалык деңгээлге жеткенин көрүп жатасыңар. Негизи жюрилерге супер жылдыздын кереги деле жок экен. Алар өздөрү эле супер жылдыз даярдап алышат. Микрофон менен иштөөнү эле бир айда үйрөтөт экен. Менимче баарыбызды мыкты ырчы катары таптап чыгат болуш керек. Эми "Жаңы толкунда" тандоо критерийлери башкача. Мисалы Уитни Хьюстондун деңгээлинде ырдагандар деле өтпөй калып жатышты. Бир эле үнгө эмес, харизмага да карашат экен. Мен чыкканда алгач сүрдөп жаттым. Анан эле калыстар, көрүүчүлөр кол чаап жибергенде кадимкидей эргүү менен ырдадым.

- Алдыга койгон негизги максаттарың кандай?

- Ойлорумдун түпкүрүндө банкир болгум келет. Кудай буюрса маданият министри болом деген оюм бар. Максат креслону кучакташ эмес, Кыргызстандын маданиятын көтөргүм келет. Анткени бизде маданият деген жокко эсе. Ошол эле музыкалык окуу жайды бүтүргөн студент Армениянын 16-17 жаштагы балдарынча ырдай албайт. Күрөңкеевде 4 жыл ала албаган билимди чет жакка чыкканда жарым саатта эле алса болот экен. Кыскасы эки жакка чыгып көзүм ачылды. Биздин маданий деңгээл өтө төмөн экенин көрүп абдан ызаланып кеттим. Кудай буюрса "Жаңы толкунда" ийгиликке жетишем деп ойлойм. Анткени Кыргызстанды татыктуу таанытыш керек. Ал жактагылар бизди теңине албагандай мамиле кылганда кадимкидей ызаланып кетет экенсиң. Калыстар "Быйыл конкурска катышпай да калышыңар мүмкүн" деп намыска тийип жатышты.

Продюсер Дана Абдыбекова: Атамбаевге чейин жардам сурап кайрылып жатабыз...

- Эл аралык конкурска катышуу деле оңойго турбаса керек. Маданият министрлиги каржылык жактан болбосо да, моралдык колдоо көрсөтүп жатабы?

- Финалга чыкканда Маданият министрлигинен телефон чалып, куттуктап койгонго да жарашкан жок. Москвага барып келгенге эле биртоп каражат кетти. Чакыруу келгенде эле Маданият министрлигине, бир катар депутаттарга кат менен жардам сурап кайрылганбыз. Тилекке каршы эч кимдин жооп болгон жок. Бизге кайдыгер эле карап коюшту. Аттарын айтпай эле коеюн, окуп алып беттери кызарып жатса керек. Ошентсе да бизге демөөр болгон Кочкордон чыккан Дүйшөн Рысалиев, Канатбек Исмаилов сыяктуу азаматтардын колдоосу менен барып келдик. Билеттерди арзандатып берген "Кыргызстан" авиакомпаниясына да ыраазыбыз. Ал эми Москвага барганда "Замандаш" партиясынын балдары жардам берип, машинелери менен ары-бери ташып жатышты. Казакстандын бир ырчысын 15 киши коштоп жүрдү. Продюсери, музыканты, администратору өзүнчө дегендей. Алар 4 жылдыздуу отелде жашап жатышты. А биз болсо шалпактап жөө жүрдүк. Эми албетте мамлекетибизде акча жоктур, бирок капчыктуу азаматтарыбыз көңүл буруп койсо болот эле да. Анткени Айбек Кыргызстандын желегин желбиретип жатат да. Ал жакта Айбектин курсагы ток болуп, кийими жалтырап туруш керек да. Болбосо ырпдагысы деле келбей духу түшүп калат. Биздин колунда бар адамдар кайлыгер карабайт болуш керек. Өлкөнү маданият менен спорт гана таанытарын жакшы билесиздер.

- Финалга барганга демөөрчүлөр табылдыбы?

- Азыр ар кайсы жактарга кат жазуу менен алекмин. Атамбаевге чейин жаздык. Көп түкүрсө көл болот дегендей жардам болуп калаар. Кыргызстанды таанытуу видеосун тарттырыш керек. Ага да биртоп каражат кетет. Анткени Айбек ырдап жатканда биздин өлкөнүн видеосу фондо кетип туруш керек. Былтыр барган Арсен менен Айбекке демөөрчүлөр чыгып жакшы барып келишкен. Омар барганда продюсери Нурслан үйүн күрөөгө коюп банктан акча алып кеткен. Ошол карызын 3 жылда араң төгүп кутулду. А биздин Маданият министрлигии анын бирин билбейт.

- Финалга кайсы ырлар тандалды? Жеңиштен үмүт кыла берсек болобу?

- Кудай буюрса 16 мамлекеттин ичинде өзүбүздү татыктуу көрсөтүшүбүз керек. Конкурстун шартына ылайык, катышуучулар үч композиция аткарышы керек. Дүйнөлүк хитке Жорж Бенсондун, Раймонд Паулстун ыры, кыргызчага Актан Исабаев, Ырыскелди Осмонкулов жана Адиль Чекилов аткарган "Ыр майрам" аттуу ыры тандалды. Бирок булар акыркы вариант эмес. Эгер калыстарга жакпай калса башка ырларды сунуштайбыз. Быйылкы өтө турган сынак мурдакылардан айырмаланып шоуго жана көрккө көбүрөөк көңүл бурулат. Ошондой эле жылдыз менен дуэт ырдоо да планга киргизилген. Айбек Украинанын атактуу жылдызы, бир нече жыл мурда ушул конкурсту жеңген Жамала менен бирге ырдайт. Орустар биздин аронжировкаларды угуп алып, жок дегенде Казакстанга барып жасатпайсыңарбы деп күлүп жатышат. Азыр үч ыр жөнөттүк, калыстарга жакпай калса башка варианттарды жөнөтөбүз.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223729

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.