Премьер Энергетика министрлигине Осмонбек Артыкбаевдин талапкерлигин сунуштады

Энергетика жана өнөр-жай министрлигине Осмонбек Артыкбаевдин талапкерлиги сунушталууда.
  07.05.13   16:40
 281

Бул тууралуу бүгүн, 7-майда, жеке булактардан "ВБ"га билдиришти.

"Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Артыкбаевдин талапкерлигин аталган министрлик кызматка тааныштырды",- дейт булак.

Белгилей кетсек, учурда Артыкбаев Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны жетектейт.

Эскертсек, көпчүлүк колациянын келишимине ылайык энергетика жана өнөр-жай министрлигинин башчысын дайындоо квотасы "Ата Мекен" фракциясына таандык.

22-апрелде президент Автандил Калмамбетовду энергетика жана өнөр-жай министри кызматынан бошоткон болчу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223731

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.