Москва бийлиги Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотуу идеясын колдоду

  07.05.13   16:43
 309

Россия бийлиги Москвага Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотуу идеясын колдоду. Эми эстеликти кандай кылып жана кайсыл жерге ортнотуу маселеси каралууда.

"Биз бир нече эскиздердин вариантын даярдап койдук. Ал эми кайсы вариантты тандап алуу керек экендигин Москванын мэриясы аныктайт",- дейт маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кудайберген Базарбаев.

Ошондой эле ал Рудомино атындагы чет элдик адабияттардын китепканасын мисал катары айтып өттү.

"Анын аймагында атактуу чыгармачыл адамдардын жаркын элесине арналып скульптурдук чыгармалардын комплекси жайгаштырылган. Албетте, биздин мекендешибиздин эстелигин дагы скульптурдук чыгармалар менен бирдикте кылымдарга чейин сакталгыдай шарт түзүүгө кызыктарбыз. Бирок бардыгы каржаттан көз каранды,- деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223732

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.