Президент Султан Раевге музейлери өнүктүрүү концепция иштеп чыгууну тапшырды

  07.05.13   16:44
 270

Бүгүн, 7-майда, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр президентке ведомствонун алдыдагы белгилеген орчундуу маселелери боюнча маалымат берди.

Султан Раев өлкө башчысына ведомство тарабынан мамлекеттин туристтик тармагын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Ошондой эле министр кечээ Ысык-Көлдүн жээгинде маданият, маалымат жана туризм министрлиги жыл сайын уюштурулчу кезектеги жарманкени ийгиликтүү өткөргөндүгүн маалымдады.

Өз кезегинде президент министрге Кыргызстандын музейлерин өнүктүрүү боюнча өзүнчө концепция иштеп чыгуу милдетин тапшырды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223733

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.