Шаардык милиция 10 жашар кызга издөө салат

  07.05.13   17:03
 293

Бишкек милициясы жоголуп кеткен 10 жашар кызга издөө салды. Бул тууралуу шаардык ИИБнын сама сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ИИБнын кызматкерлери дайынсыз жоголгон 2004-жылы туурлаган Бишкектин тургунун издөөгө алышууда. Кыз үйүнөн 5-майда саат 19:00дөр чамасында чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес.

Өзгөчөлүктөрү: бою 105-110 см, бой түзүлүшү арык чырай, чачы узун жана кара-күрөң түздө, кой көз, сол бетинде калы бар. Ошондой эле гүлү бар кара көйнөк, гүлгүн түздөгү кофта жана көк колготки кийип алган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223736

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.