Бишкектин теңинде жана Чүй облусунун айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт

  07.05.13   17:07
 231

Эртең, 8-майда саат 9-00дөн 17-00гө чейин Бишкектеги Патриса Лумумбы көчөсүндөгү №№ 82, 86, 88 көп кабаттуу үйлөрдө, Матыев, Красная, Туюкская; Космическая, Бах, Серафимович көчөлөрүнүн барчаларында, "Кара-Жыгач" конушунун бир бөлүгүндө электр энергия өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын 40-лет Киргизии кварталындагы №№ 44, 46, 47 көп кабаттуу үйлөрдө, Алексеевка айылында, Кемин районунун Орловка айылынын чыгыш тарабындагы бир бөлүктөрдө, Кызыл-Байрак айылында электр энергия үзгүлтүккө учурайт.

Жогоруда белгиленген аймактардагы электр энергиянын үзгүлтүккө учурашы трансформатордук көмөкчордондордо, 0,4 кВ аба электр берүү чубалгыларын тарттырып оңдо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223737

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.