Талас шаарында жаштардын маршы өткөрүлдү

  07.05.13   17:20
 269

7- майда Талас шаарынын борбордук аянтында студенттер жана мектеп окуучулары арасында параддык марш өткөрүлдү. Бул иш-чара шаардык мэриянын демилгеси жана маданият кызматкерлеринин колдоосунда өттү.

"Жалпысынан мектеп окуучулар арасында 11 команда, орто билим берүү окуу жайларынан 3 команда катышат. Алардын алдыңкы комадалары 9-майдагы парадга катышат",- деди Талас шаардык маданият туризм жана маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Бактияр Абдыкадыров.

Иш чаранын жыйынтыгында биринчи орунду №6 мектеп алды. Ал эми орто окуу жайлардын арасынан Талас экономикалык колледжи биринчи орунга ээ болду.

Калыстар тобунун жыйынтыгына каршы болгон адамдар дагы четтен чыгып жатты. Марина Кемелова (суранычы боюнча аты жөнү өзгөртүлдү) №3 орто мектептин жогорку классынын окуучусу: "Алдыңкы орун алган мектептин окуучулары маршта көп катачылыктарды кетирди жана алардын параддык кийимдери талапка ылайык эмес. Себеби кызыл түстөгү кийимдерди кийип алышыптыр ал аскердик кийимге жатпайт. Ушундай кемчиликтерди эске албай баалаганы нааразычылык туудурат",-деди.

Ал эми калыстар тобунун мүчөсү, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык бөлүмүнүн башчысы Руслан Атаханов: "Албетте, таймаш болгон жерде нааразычылык сөзсүз болот. Анан калса нааразы болгон мектептер ар дайым биринчи орунга ээ болуп көнүп калышкан. Ошондуктан калыстардын баасына каршы чыгып жатат. Ар бир калыстар тобунун мүчөлөрү өзүлөрү жекече бааларын беришти жана ар бир команданын жободогу окшош форма кийгенге аракет кылганын эске алдык. Эгер толук аскердик форма десек эч ким аткара алмак эмес", -деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223738

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.