"Алтын-Кен" алтын өндүрүүчү команиясынын кассирин тоноп кетишти

  07.05.13   17:53
 294

Бишкектеги кафелердин биринен "Алтын-Кен" алтын өндүрүүчү команиясынын кассирин тоноп кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда "ВБ"га шаардык ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-майда кечки саат 21:00дөр чамасында 102 номерине борбордогу кафелердин биринен тоноп кетүү фактысы боюнча телефон чалуу келип түшкөн. Ал эми жабырланган "Алтын-Кен" ишканасынын кассири кафеге тамактанганы киргенде анын столуна бир нече жигиттер келип, тапанча менен коркутуп 100 миң доллар жана 2,4 млн сом салынган рюкзакты алып кетишкен.

"Учурда шаардык ИИБнын иликтөө бөлүмү кылмыш ишин козгоп, тоноп кеткен адамдарды издөө иши жүрүп жатат", - деп билдирет ведомстводон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223740

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.