Бишкектин четинен тигүүчүлөр үчүн 50 гектар жер бөлүндү

  08.05.13   08:07
 297

"Баш калаанын батыш четиндеги Жогорку Антоновка айылына жакын жерден тигүү өндүрүшүнүн бирдиктүү комплексин куруш үчүн 50 гектар жер бөлүндү",- деп билдирди Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Сапарбек Асанов.

Жер маселеси өкмөттүн тапшырмасы менен Бишкектин айланасындагы баардык айыл өкмөттөрдө каралган. Асановдун айтымында, тандай турган варианттар көп болгон, бирок Сокулук районунун Жогорку Антоновка айылына токтолушкан. Бул жерде республикада биринчи жолу так уюшулган тигүү өнөр жайын түзүш үчүн пилоттук долбоор иштейт. Мындан ары буга окшогон технополистерди республиканын түштүгүнө - Ош жана Жалал-Абад областтарына куруу пландалууда.

"Жакын арада белгиленген участокко капсула төшөйбүз. Кыргызстан үчүн тигүү тармагы абдан маанилүү. Ал жакта болжол менен 40 цех иштеп 10 миң жумушчу орун түзүлөт",- деп кабарлады Асанов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223742

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.