"Өткөн доордон бүгүнкүгө чейинки кыргыз-түрк алакалары" аттуу симпозиум болду

  08.05.13   08:23
 298

3-5-май аралыгында Түркиянын Бурса шаарындагы Улудаг университетинде кыргыз-түрк тарыхый мамилелери тууралуу 1-Эл аралык симпозиум өттү. Ага Кыргызстандан, Түркиядан, Орусиядан, Новосибирск шаарынан кыргыз таануучулар жана түрколог окумуштуулар чакырылган. Иш чараны өткөрүү демилгесин Стамбул шаарындагы Кыргызстан достук жана маданият коому, ошондой эле Бурса университети көтөрүп чыккан. Эске салсак, байыртадан бүгүнкү күнгө чейинки кыргыз -түрк мамилелери биринчи эл аралык симпозиуму эки өлкөнүн президенттери тарабынан колдоого алынган.

Иш чаранын жүрүшүндө эки өлкөнүн мамилелери доорлорго бөлүнүп, 3 секцияда талкууланды. Мындан сыркары сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, анда Тажигүл Күнтүздүн чыгармалары, кыргыз маданиятын чагылдырган сүрөттөр коюлду.

Симпозиумдун өтүшү менен бирге Кыргызстандан чакырылган "Ордо сахна" фольклордук-этнографиялык театры көрүүчүлөргө концерт тартуулашты.

Жыйынтыгында, кыргыз түрк мамилелери мындан ары да тереңден изилдене берээри жана аталган иш чараны өткөрүп туруу салтка айланаары маалым болду. Саамалыктын акыркы күнүндө Изниктеги кыргыз баатырларына арналган күмбөзгө зыярат кылынды. Аталган жерде курмандыкка мал союлуп, кыргыздын улуттук тамак аштары меймандарга тартууланды. "Ордо сахна" тобу тарабынан концерт коштолуп, Түркиядагы жашап жана билим алып жаткан кыргызстандыктар көңүлдүү эс алышты.

Эске салсак, иш чарага Кыргызстан достук жана маданият коомунун башчысы Айбек Сарыгулов, проф. др. Камил Дилек (Улудаг универинин ректору), проф. др. Анвар Мокеев (КТМУ ректор жардамчысы), "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин, Бурсанын мэри Режеп Алтепе, Бурсанын губернатору Шахабеттин Харпут, КРдин ТРдагы элчиси Эрмек Ибраимов, Түрк кеңеши башчысы Халил Акынжы, ТР президенттин башкы катчысы проф. др. Мустафа Исен катышты.

Мындан тышкары иш чарага Манас, Новосибирск университеттеринин профессор, тарыхчылары катышышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223744

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.