Баткендин тургуну күйүүчү май аткезчилиги үчүн 3 жылга эркинен ажыратылды

  08.05.13   09:03
 305

Баткен облусунун тургуну күйүүчү май аткезчилиги үчүн 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Март айында Лейлек районунун Максат айылында ИИМдин кызматкерлери күйүүчү май ташып келе жаткан машинаны колго түшүрүшкөн. Анын айдоочусу 1985-жылы туулган Баткен облусунун тургуну бажы бекеттерин айланып өтүү менен Тажикстанга 28 тонна АИ-80 үлгүсүндөгү бензинди алып өтүүгө аракет кылган. Анын наркы 812 миң сом деп бааланган.

Лейлек райондук сотунун чечими менен күйүүчү май ташыган жаран күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223746

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.