Бишкектин Тынчтык проспекттинде болгон жол кырсыгынан бир адам каза болду

  08.05.13   09:29
 218

Бишкектин Тынчтык проспекттинде болгон жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын кызматкерлери билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн 8-май түнү саат 1лер чамасында "Мерседес" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Тынчтык проспектти менен "Киргизии-1" районуна катуу ылдамдык менен бара жатып автоунаасын башкара албай калган. Машина жолдон чыгып, бакты барып сүзгөн.

Автоунааны башкарып бара жаткан 1982-жылкы жигит окуя болгон жерден жан берген. Ошондой эле аны менен бирге келе жаткан эки жүргүнчү оор жарат алган. Алар салондо кыпчылып калгандыктан, шаардык куткаруучулар жардамга келген. Андан соң алар ооруканага жеткирилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223748

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.