Айжаркын Шынгыз кызы шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиону болду

  08.05.13   09:30
 312

Бишкекте аялдар арасында шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионаты аяктады.

Мелдештин башкы калысы Дамиль Токтогонов чемпионатка 18 шахматчы кыз катышканын "ВБ"га билдирди. Катышуучулар 9 күн бою чемпиондук титул үчүн күч сынашты. Чемпионат швейцариялык система боюнча 9 тур менен өттү.

Мелдештин жыйынтыгында мүмкүн болгон 9 упайдан 7 упайды Айжаркын Шынгыз кызы жана Айжан Алымбай кызы топтогон. Кошумча көрсөткүч боюнча Айжаркын өлкө чемпиону болду. Айжан болсо күмүш медалга татыды. Үчүнчү орунду баткендик Греа Лим 6 упай топтоо менен жеңип алды.

Аялдар чемпионатынын жалпы байге фонду 52 миң сом. Бул байге 1ден 8-орунга чейинки оюнчулар арасында бөлүштүрүлөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223749

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.