Данияр Дулдаев Казакстанда өткөн Futures турниринин чейрек финалына катышат

  08.05.13   09:54
 253

Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев ушул тапта Казакстандын Шымкент шаарында өтүп жаткан эл аралык Futures турниринин чейрек финалына катышат. Бул тууралуу эл аралык теннис федерациясынын расмий сайтынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Дулдаев жубу беларусстук теннисчи Сярхей Бетау менен Казакстандык жубтар Роман Хассанов жана Серижан Ессенбековдерди 6:3, 6:0 эсебинде утуп алды.

Жарым финалга чыгаарда жубтар Дулдаев жана Бетау Польша менен Литванын теннисчилери Лукас Мугевичус-Павел Циас менен беттешти.

Эскерте кетсек, жеке ат салышууда Дулдаев, казакстандык Роман Хассановду жеңип, турнирдин экинчи айлампасына чыккан.

Турнирдин жалпы байге фонду 10 миң доллар турат. Таймаш 12-майда жыйынтыкталат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223750

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.