Бишкектеги май куючу жайлардын биринде өрт чыкты

  08.05.13   10:05
 273

Кечээ, 7-май күнү, саат 20:00 чамасында Панфилов жана Л. Толстой көчөлөрүнүн кезилишинде жайгашкан "Газпромнефть Азия" компаниясынын май куючу станциясынын электрощит жайганшкан бөлмөсүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын кызматкерлери билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт чыккан жерге 5-бөлүмдүн өрт өчүрүүчүлөрү жардамга келишкен. Бир саат убакыт аралыгында ӨКМ кызматкерлери өрттү өчүрүшкөн. Тилсиз жоонун келип чыгуу себептери аныкталууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223754

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.