Москвада жаңы кыргызча гезит жарык көрдү

  08.05.13   10:40
 418

"Аруу Дүйнө" аттуу жаңы кыргызча гезиттин тааныштыруу иш-чарасы Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде өттү.

Элчиликтен билдиришкендей, бул гезит аркылуу Орусияда иштеп аткан эмгек мигранттардын улуттук маданиятка болгон мамилесин чыңдоо жана кыргыз адабиятын Орусияда жайылтуу болуп саналат.

Иш-чарага жалпысынан 70тей киши катышты. Алардын арасында КР артисти Акылбек Мураталиев, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү Гүлжамила Шакирова, Айталы Жандаров, Бактыгүл Сейитбекова, Улан Болотов, Айжан Мамасадыкова жана башкалар.

Катышуучулар бир-бирине "Поэзия кесесин" сунушту. Алар өз ырларын чогулгандарга окуп беришти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223756

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.