Теннис: Ксения Палкина ITF турнириндеги жуп мелдеште чейрек финалга чыкты

  08.05.13   10:45
 227

Кыргызстандан теннисчи Ксения Палкина өзбекестандык Альбина Хабибулина менен биргеликте жуп оюнунда Шымкенттеги ITF турниринин чейрек финалына чыкты.

Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты маалымдагандай, Палкина менен Хабибулина жубу биринчи айлампада Алена Тарасова жана Владислава Заносиенко дуэтин жеңип чыгышты. Биринчи сетте Тарасова-Заносиенко жубу күчтүүрөк болуп, 6:7 эсеби менен утушкан, бирок, экинчи сетте Палкина менен Хабибулинанын дуэти мыктыраак болду, эсеп – 6:3.

Эми Кыргызстан менен Өзбекестандан түзүлгөн жуп жарым финалга чыгуу үчүн Россиялык Дарья Афанасьева жана Любовь Васильева менен беттешишет.

Эске салсак, жалгыз оюн разрядында Палкина негизги сеткадан старт алып, биринчи айлампада финляндиялык Элла Лейвону 6:2, 6:1 эсеби менен уткан. Экинчи айлампада Палкина казакстандык Зарина Жумажанова менен мелдешке түшөт.

Турнир Эл аралык ITF федерациясынын карамагында өтүп, 12-майда жыйынтыкталат. Жалпы байге фонду – 10 миң доллар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223758

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.